Элмара Турсуналиева Анжеликага: Сахналаштар 1 сомдон чогултуп догун арткан кызга берели

Ырчы Анжелика Кайратова мурунку устаты Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев каза болгонуна байланыштуу, өзүнүн социалдык баракчасына билдирүү калтырып, «Аллах таалам билип, билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин. Жайың Жаннаттан берсин Жаназасына бара албайм. Ошон үчүн Аргендин карыздарын кечирдим», — деп жазганына коомчулукта терс пикирлер жаралып, көпчүлүктүн нааразылыгын жараткан. Анжеликанын бул кылыгына шоу бизнес өкүлдөрү жөн карап туралбайбыз деп алып баруучу Элмара Турсуналиева төмөнкү билдирүүнү калтырган:

«Эгер, чын эле, Арген ушундан акча алган болсо (кезектеги калпы эмес), ошончолук жалпы кыргызга жарыялаган соң, биз (чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештер) мындай чечимге келдик.


Асель Осмонова,Турдалиева Асель эже, Турусбек Жумалиев, Сагынбүбү Ниязалиева, Толкун Орозобаева, Нурдөөлөт Копоев, Динара Акулова, Жыргалбек Шакиров жана көпчүлүк сахналаштар 1 сомдон чогултуп догун арткан кызга берели. «Карызынан кечиртип» убара кылбай, колуна карматып койобуз.

Кезектеги ХАЙПТЫ , эненин зар какшагынан, жаш адамдын сөөгү муздай электе жаратты»,-деген ал өз сөзүндө.