Ысык-Көл облусун губернатору ырчы Анжелика Кайратова тарабынан кыйылган бак боюнча комиссия түздү

Бүгүн, 24-январда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Түп районундагы дарактын кыйылышынын мыйзамдуулугун териштирүүнү тапшырды.

272396639 230539265932197 5918655691826567952 n Ысык-Көл облусун губернатору ырчы Анжелика Кайратова тарабынан кыйылган бак боюнча комиссия түздү

Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Облус башчы бул меселени териштирүү үчүн комиссия түзүүнү тапшырды.

«Айлана-чөйрөнү коргоо полициясы жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте комиссия түзүп, жерине баргыла, эгерде бак кыюунун мыйзамсыздыгы аныкталса, анда (жазуу же оозеки уруксат берген) жооптуу адамдар мыйзам чегинде жазага тартылсын, жада калса ээлеген кызматынан бошотууга чейин», — деди Мирбек Кожоев.

Эске салсак, кечээ, 23-январда ырчы анжелика мындан бир жыл мурун жолкырсыгына кабылган жерге барып, унаасы сүзгөн бакты кыйдырткан.

Мындан улам, коомчулукта кайчы пикир жаралды.