Аида Салянова митингде эки адам сабалганын жар салды

Аида Салянова кечээ, 23-январда болуп өткөн митингде 2 адам сабалганын айтып чыкты.

“Урматту ички иштер министри Ниязбеков мырза!Болот Темиров менен Болот Назаровду бүгүн сотто Шайлообеков Нургазы менен Назаркулов Айбек активдүү колдоп турган.

Митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп сабап милиция кызматкерлери Фучикдеги бөлүмүнө алып кетишиптир. Муну кандай түшүнсөк болот?!

Кечирим сурап тез арада кое бересинер деген үмүттөмүн!”, – деп жазган Салянова.