Парламентте элчи кызматына эки экстин талапкерлиги каралат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн Кыргыз өлкөсүнүн Сауд Арабиясындагы элчи кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралат.

Ошондой эле УКМКнын мурдагы башчысы Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчи кызматына каралууда.

Маселе Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып жатат.