Юрий Шатунов 48 жашында каза болду

Белгилүү ырчы, “Ласковый май” тобунун мурдагы солисти Юрий Шатунов 48 жашында каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.

Маалыматта айтылгандай, Юрий Шатуновдун каза болгонун ырчынын менеджери “Звезда” Телеграм каналына тастыктаган.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, ал инфаркт алган.

Эскерте кетсек, Юрий Шатунов “Ласковый май” тобунун солисти болчу. Ал көпчүлүккө “Седая ночь”, “Детство”, “Белые розы”, “Вечер холодной зимы” аттуу ырлары менен белгилүү болгон