Депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынын телеканалдан көрсөтпөө демилгесине каршы

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө депутаттар «Пирамида» телеканалынан Жогорку Кеңештин жыйынын түз эфирде көрсөтүү маселесин карашты.

Жыйында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Эркинбек Каимов баяндама жасады. Анын айтымында, парламент жыйынын чагылдыруу үчүн «Пирамида» каналына жыл сайын 10 млн сом бөлүнүп турган.

«Учурда Жогорку Кеңеш «Пирамидага» 6 млн сом карыз. 2020-жылдын январь айынан бери «Пирамида» каналында Жогорку Кеңештин жыйыны түз эфирде көрсөтүлбөй эле. Учурда жыйындар түз эфирде Ютубдагы каналда жана Фейсбуктагы баракчада көрсөтүлүп жатат. Ошондуктан жыйынды «Пирамида» каналы аркылуу көрсөтүүгө зарылчылык жок», – деди Каимов.

Бирок депутат Бактыбек Сыдыков анын пикирине каршы болду.

«Зарылчылык жок деген сиздин жеке пикириңизби же депутаттардыкыбы? Биз ушунчалык өнүгүп, ар бир үйдө интернет пайда болдубу? Шаарда интернеттен көрүшөт, бирок айылда баары телевизор көрүшөт. Көчмө жыйындарды, сессияларды телевизор аркылуу көрсөтүүнү суранышат», – деди Сыдыков.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар бул маселени күн тартибинен алышты.