Бишкекте казакстандык активисттер кармалды

Казак активисттери Диана Баймагамбетова, Дидар Каиров жана Асхат Жексебаев “Манас” аэропортунан кармалды. Бул тууралуу өзүнүн YouTube каналында коңшу өлкөнүн дагы бир активисти Жанна Бота билдирди.

News 79950265857072939626984437441805183617 Бишкекте казакстандык активисттер кармалды

Анын айтымында, кармоо Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн. Ушул эле башкармалыктын кызматкерлери активисттерди убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.

«Эл биздин репрессиялык режимден качкысы келген. Алар өздөрүн коргогусу келген. Белгилүү болгондой, алар пробациянын көзөмөлүндө болушкан. Алар саясий себептер менен айыпталууда. Алар атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан кармалган. Эми мунун баары жаман бүтөт», – деди Жанна Бота.

Анын айтымында, активисттерди экстрадициялоого жол бербөө үчүн бардыгын жасоо керек.

Бул боюнча УКМК комментарий бере элек.

YouTube video