Талаштуу тилкелерге ушул комиссия гана чекит кое алат, – Баткендин губернатору

Президент Садыр Жапаровдун Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев мамлекеттик чек араларды тактоо кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын милдети экенин билдирип, талаштуу тилкелерге ушул комиссия гана чекит кое аларын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

-Мамлекеттик чек араны тактоо боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясы иштейт.

Ал эми эки республиканын чектеш жайгашкан Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери катары биздин милдетибиз, чек арада чыр-чатактарды болтурбоо жана алардын курчушуна жол бербөө, – деп жазат Алимбаев.

Ошондой эле чек арага жакын аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө күч-аракет жумшоо экендигин белгиледи.

“Чек араны аныктоодогу талаш-тартыштарды согуштук аракеттер менен чечүүгө болбой турганын буга чейин болуп өткөн куралдуу жаңжалдар көрсөттү. Мен тажик тарапты, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы мыйзамдуу түрдө такталганга чейин, чек ара аймагындагы кырдаалды курчутуу билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырам»,-деди губернатор.