Жеке өнөктөштүк боюнча жалпы суммасы 1 млрд АКШ долларынан ашуун 55 долбоор ишке ашырылууда

2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки убакытта Министрлер Кабинети тарабынан насыялоо аркылуу аялдар ишкерлигин колдоо максатында 2022-2026-жылдарга өлкөбүздө аялдар ишкерлигин өнүктүрүү жана колдоого алуу боюнча программа бекитилген. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча жалпы суммасы 1 млрд АКШ долларынан ашуун 55 долбоор активдүү фазада ишке ашырылууда.

«Алматы – Ысык-Көл альтернативдик жолунун курулушу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо боюнча иштер башталды. Жаңы жол аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн куралы болуп бере алат, анткени ал туристтик агымдын көбөйүшүнө жана инвестиция тартууга түрткү берет.

  • Энергетика тармагында Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айыл аймагында кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станцияларын куруу демилгеси көтөрүлүп, Франциянын TOTAL Eren компаниясы менен күн жана шамал станциялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
  • Кыргызстандын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген уруксаат документтердин бирдиктүү электрондук реестри түзүлдү.
  • Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду түзүлдү.
  • 2021-жылдын 14-октябрында Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнүн өнүгүүсү» инвестициялык форуму өттү. Форумдун алкагында облустун инвестициялык климатын жакшыртууга багытталган Баткен облусу үчүн бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү.