Кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган сынактан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды, – ИИМ


2022-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди билүү сынагынан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.

Whatsapp image 2022 02 01 at 16. 02. 57 1 кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган сынактан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды, - иим

Бул иш-чарага ИИМдин Медициналык башкармалыгынын башчысы ички кызматтын майору Индира Абдыгулова, ИИМдин Башкы Штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Айбек Орозакунов жана Медициналык башкармалыктын кызматкерлери катышты.

Whatsapp image 2022 02 01 at 16. 02. 57 кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган сынактан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды, - иим

Сертификат алган кызматкерлерге мындан ары да өздөрү эмгектенген кызматта мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуу боюнча сунуштар, каалоолор айтылды.

Бүгүнкү күнгө карата Медициналык башкармалыктын 33 кызматкери “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү сынагынан ийгиликтүү өткөн.

Whatsapp image 2022 02 01 at 16. 02. 57 2 кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган сынактан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды, - иим


ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомун ишке ашыруу боюнча ИИОнун кызматкерлерин “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү сынагынан өткөрүү иштери дагы деле улантылып келүүдө.

Whatsapp image 2022 02 01 at 16. 02. 56 1 кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган сынактан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды, - иим
кыр


ИИМдин Басма сөз кызматы