Жалал-Абадда милициянын ага сержанты өзүн өзү атып каза болду

Кечээ, 26-январь күнү саат 17:30 чамасында Ноокен районунун Күзөт бөлүмүнүн милиционери, милициянын ага сержанты 1989-ж.т. Р.Т. дааратканада белгисиз себептерден улам өзүнө бекитилип берилген “Тула Токорева” (ТТ) 7,62 мм. үлгүсүндөгү табелдик ок атуучу куралы менен өзүн өзү баш тарабына атып алып, окуя болгон жерден каза болду.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин жана Күзөт бөлүмүнүн жетекчилиги, Ноокен районунун прокурору, Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин тергөө-ыкчам топтору барышып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган.

Топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин МЭЖна (маалыматтардын электрондук журналы) “Өз өмүрүн кыюу” болуп катталып, караштуулугу боюнча Ноокен райондук прокуратурасына откорулуп берилген.