Жумушчу топ: Масалиев кайра шайлоого катышпайт

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курамында Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Исхак Масалиев кайрадан шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, ал Биринчи Май районунан талапкерлигин көрсөтүү арызын 24-январда БШКга тапшырган.

Ал эми депутат Масалиев шайлоодо жеңип чыкса “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесинен чыга турганын билдирип, анын ордун тизмедеги кийинки талапкер ээлей турганын айткан.

«Мен Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетим тууралуу арызымды тапшыргам. Негизгиси, мен шайланып калсам, парламенттеги ордума “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен башка депутат келмек. Оппозициячы депутаттардын саны бирге көбөймөк. Ага мыйзам жол берет”, ө деди учурдагы депутат.

Бирок, БШКнын жумушчу тобу билдирүүм боюнча ага кат жиберген.

“Чынын айтсам, бул мыйзамсыз жана негизсиз. Мыйзамсыздык азыр көнүмүш адатка айланып калгандыктан, сотко берип, чындыгымды далилдейм деген ниетим жок.

Мен БШКнын жетекчиси менен сүйлөштүм, ал жумушчу топ менен бирдей пикирде. Президент аны сыйлагандыктан, талаш-тартыштын жыйынтыгын айтуу кыйын эмес.
Ар бир талапкерге ийгилик каалайм», — дейт ал.

272296493 1095425051221524 4868365809758900992 n 1152x1536 1 Жумушчу топ: Масалиев кайра шайлоого катышпайт
272758486 1095425121221517 6627107509453823611 n Жумушчу топ: Масалиев кайра шайлоого катышпайт