Базар-Коргондо эки окуучу кыз дайынсыз

Базар-коргондо эки окуучу изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон шаарынын 2007-жылы туулган тургундары Мамасабырова Акмарал Орозбековна жана Маликова Зинагүл Нурлановна 2022-жылдын 26-январь күнү саат 08:15 чамасында мектепке барабыз деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Акмаралдын белгилери: Бою 155-160 см, өңү буудай ыраң, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Ак түстөгү кышкы пальто, кара юбка, кара кышкы бут кийим, кара мектеп сумкасын асынган.

Зинагүлдүн белгилери: Бою 155-160 см, өңү буудай ыраң, көзү, кашы, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү куртка, кара юбка, кара кышкы бут кийим, кара мектеп сумкасын асынган.

Дайынсыз болуп жаткан Мамасабырова Акмарал Орозбековна жана Маликова Зинагүл Нурлановна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Тел.: 102, (03736) 5 02 61, 0224 00 00 15, 0772 13 28 18.