Өзгөндө тартылган сүрөт эл аралык сынактан утушка ээ болду

Бельгиялык фотографтын Ош облусунан тарткан сүрөтү Travel Photographer of the Year-2021 аттуу эл аралык сынактын жеңүүчүсү болду.

Маалыматка ылайык, аламан көрүнүш Өзгөн шаарынан тартылган.

Кадрдан кыргыздын улуттук баш кийимдерин кийген атчандарды көрүүгө болот.

Сүрөттүн автору бельгиялык Алан Шредер.