Лейлекте өткөн “Селсаяк” иш-чарасында окуучулар тарабынан укук бузган фактылар аныкталган жок

Лейлек районунунда 2022-жылдын 24-25-январь күндөрү “Селсаяк” иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы жайгашкан орто мектептерде милиция кызматкерлери ата-энелерге, окуучуларга чогулуштарды уюштуруп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.

WhatsApp Image 2022 01 27 at 09.18.18 Лейлекте өткөн “Селсаяк” иш-чарасында окуучулар тарабынан укук бузган фактылар аныкталган жок

Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн жол коопсузудугу боюнча жол эрежелери окутулду.


Базарларда, көчөлөрдө тилемчилик кылып жүргөн жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында иш жүргүзгөндө, жыйынтыгында 4 жаш өспүрүм кайырчылык кылып жүргөндөрү аныкталды. Алардын жашаган даректери аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине тапшырылды.


Бул иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары тарабынан укук бузган фактылар аныкталган жок.

WhatsApp Image 2022 01 27 at 09.18.19 Лейлекте өткөн “Селсаяк” иш-чарасында окуучулар тарабынан укук бузган фактылар аныкталган жок


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы