Ат-Башыда “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө 3 мыйзамсыз ок атуучу курал алынды

Нарын ОИИБи: Ат-Башыда “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө 3 мыйзамсыз ок атуучу курал алынды.

Ат-Башы РИИБнүн атайын буйругунун негизинде киргизилген “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө 2022-жылдын 7-январь күнү саат 19:20 чамасында Ат-Башы районунун 1-Май айылына караштуу Чыр-Дөбө участкасында белгисиз адамдар аӊчылык кылып жүргөн жеринен кармалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.


Окуя болгон жерге Ат-Башы РИИБнүн ыкчам тергөө тобу барган учурда 08.01.2022-жылы саат 03:00дө 1-Май айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.Ждан “ТОЗ-8М” үлгүсүндөгү 5.6 калибрлүү ок атуучу куралы жана 1-май айылынын тургуну 1963-жылы туулган М.Ждан “ИЖ-18Е” үлгүсүндөгү 16-калибрлүү ок атуучу куралы, ушул эле айылдын тургуну 1987-жылы туулган М.У “ТОЗ” үлгүсүндөгү 12-калибрлүү ок атуучу куралы менен аңчылык кылып келе жаткан жеринен кармалышкан.


Аталган факт Ат-Башы РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын КЖКнин 308-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголгон.


Натыйжада жогорудагы жарандардын жанында алып жүргөн ок атуучу куралдары мыйзамсыз экендиги жана өздөрүнүн көрсөтмөсүндө жапайы тоо жаныбарларын атып, эттерин алып келе жаткандыгы аныкталган. Бүгүнкү күндө тиешелүү экспертизалар дайындалган, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы