Пакистан: Мечиттеги терактта каза болгондордун саны 83кө жетти

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте болгон жардыруудан 83 киши каза болуп, 57си жарадар болгонун жергиликтүү оорукананын өкүлү билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматтарга ылайык, жарылуу намаз окуу учурунда болуп, имараттын жарымы урап түшүп, адамдарды басып калган.

«Атайын кызматтын өкүлүнүн айтымында, өзүн-өзү жардырган адам намаз окуп жаткандардын алдыңкы катарында болгон. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф уюштуруучуларды айыптап, алар ислам менен эч кандай жалпылыгы жок экенин белгиледи», — деп жазат ЖМКлар.

4e222934 c4b4 4667 af0d Пакистан: Мечиттеги терактта каза болгондордун саны 83кө жетти