Патенттин кагаз түрү жокко чыгарылды

Кыргызстанда кагаз түрүндөгү патент жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

2023-жылдын январынан тартып экономикалык ишти жүзөгө ашырууга патенттер электрондук түрдө гана таризделиши керек.

Патенттин негизинде иштеген жеке жактар жана жеке ишкерлер электрондук патентти алуу жана узартуу үчүн салык органдарына баруунун кажети жок. Salyk.kg сайтындагы «жеке кабинетке» кирүү жетиштүү.

«Жеке кабинет» аркылуу онлайн режиминде патент алуу жана анын колдонулушун узартуу менен гана чектелбестен, башка салык кызматтарынан да пайдаланууга болот.

«Ошондой эле банктар, терминалдар же мобилдик капчыктар аркылуу электрондук патент үчүн төлөм жүргүзүүдө “Электрондук патентти” тандап, E-патент системасы тарабынан түзүлгөн төлөм кодун киргизүү керектигин белгилейбиз. Маанилүү! Патент үчүн ИCН боюнча эмес, төлөм коду боюнча төлөө керек», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, салык төлөөчү электрондук патентти үчүнчү жактардын санариптик платформалары (коммерциялык банктар, мобилдик байланыш операторлору ж.б.) аркылуу тариздеп жана төлөй алат.