Үрөй учурган үч адамдын өлүмү: Кылмышкерден качам деп 4-кабаттан секирген 17 жаштагы кыздын видеосу тарады

Кармалган адам түнкү сатт 04:00 чамаларында алгач жубайына бычак сайып, андан кийин 17 жаштагы кызды кубалагандыктан, ал качып кутулуу аракетинде көп кабаттуу турак жайдан аргасыз секирген. Анын видеосунда кылмышкер адегенде камераны өчүрүү аракетин жасаган. Бирок эч майнап чыкпагандан улам, ал сыртка чыгып кыздын жансыз денесин кайра үйгө алып кирген.

Буга чейин Бишкек шаарындагы 5-кичирайондо оор кылмышты жасоого шектелген жаран кармалганы айтылган.

Маалым болгондой, 16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичирайонунда адам өлтүрүү фактысы болгон. Окуя болгон жерге Бишкек шаардык жана Октябрь райондук милициясынын тергөө ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүлгөн. Аталган даректе энеси, кызы жана уулунун денесине оор залалдар келтирилген жансыз денеси табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

«Тергөө ыкчам тобу тарабынан толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалган.

Учурда ал Октябрь райондук милициясына жеткирилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

«Азыркы убакта бул факт боюнча ар тараптуу, толук кандуу, объективдүү териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалары дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралар жүрүүдө», – деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, 16-февралда 5-кичирайондо бир үй-бүлөдө үч адам киши колдуу болгон. Алардын бири 1972-жылы төрөлгөн аял, экинчиси 2005-жылы туулган кыз жана үчүнчүсү кичинекей бала.