Пара талап кылууга шектелип прокуратуранын мурдагы кызматкери кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча прокуратура органынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 16-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан системалык түрдө мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери Т.Т.Т. кармалды.

«Кармалган жаран, мурдагы кызмат ордунда иштеген фактысына таянып, жана ошондой эле кара өзгөй максатты көздөп президенттин, УКМК төрагасы жана Башкы прокурор менен байланышы бар деген жалган маалыматты жамынып алып, мыйзамсыз текшерүү иштерин жүргүзүп, майда мыйзам бузууларды таап, коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара алып келген. Айта кетсек, Жалал-Абад областынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 миң жана 10 миң АКШ долларын алуу фактысы такталды.

Кармалган жаран алдамчылык жол менен, КР кээ бир жарандарын 150 000 (жүз элуу миң) сом насыя алууга мажбур кылып, кымбат чөнтөк телефонун алдырып, кийинчерээк өзү тартып алган.

Ошондой эле, Т.Т.Т. бир нече ирет алдамчылык жолу менен, айдоочу күбөлүк алып берем деген убада берип, жарандардан көп суммадагы акча алып келген. Анткени, кармалган жарандын атасы Т.Т.М. азыркы учурда Жалал-Абад областында ГП «УНАА» КР ИИМнин региональнык бөлүмүнүн бөлүм башчы кызматын ээлеп турат. Азыркы учурда башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу, кармалган Т.Т.Т. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартышы мүмкүн болгон адамдарды, өлкө башсынын, УКМК төрагасынын жана Башкы прокурордун атын жамынып алып коркутууга дуушар болгон жарандарды УКМКнын дарегине кайрылууңуздарды суранабыз.

WhatsApp Image 2023 02 17 at 09.30.48 Пара талап кылууга шектелип прокуратуранын мурдагы кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 02 17 at 09.30.47 Пара талап кылууга шектелип прокуратуранын мурдагы кызматкери кармалды