Кыргыз лифттери Россияга экспорттоло баштайт

SKY INDUSTRIAL GROUP компаниясы Кыргызстанда лифт жасап, жергиликтүү курулуш компаниялары менен кызматташат. Лифт чыгаруу комплекси Бишкек шаарынан алыс эмес жайгашып, 20 000 чарчы метрди ээлейт.

Аталган компания буга чейин Кыргызстандын бардык аймактарын тейлесе, азыркы учурда Россияга да экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлүп, биринчи буюртмалар келүүдө.