Кыргызстан Россияга лифт экспорттой баштайт

Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Кыргызстандык Sky Industrial Group холдинги россиялык «МТК» компаниясы менен лифт сатуу боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык Sky Elevators компаниясы (Sky Industrial Group холдингине карайт) өндүргөн лифттер жакын арада Россияга жөнөтүлө баштайт. «МТК» компаниясы Кыргызстанда чыккан лифттердин дистрибьютору болот.

Эскерте кетсек, Sky Elevators компаниясы адам, жүк ташыган, оорукана, курулушта колдонулган лифттерди, кичи жана чоң жүктөрдү көтөргүчтөрдү чыгарат.