Кыргызстандын эки ишканасына Россияга балык экспорттоого уруксат берилди

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан “Аква Пром” ЖЧК жана “Тянь-Шань-Фиш” ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү.

“2023-жылдын 27-апрелиндеги РФ Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын катына ылайык жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 28-апрелинен тартып Кыргызстан Россиянын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу коюлган чектөө (төмөнкү эки ишкана) алынды. Эми “Аква Пром” жана “Тянь-Шань-Фиш” ишканалары Россияга балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле РФ Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине “Нурагрорыбпром” ЖЧК жана “Дары Природы” ЖЧК ишканалары боюнча мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлдү.