Аалы Токомбаев көчөсүнүн Аламүдүн суусунун жээгиндеги бөлүгү жабылат

29-апрелден 10-майга чейин Бишкектин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Майрам көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки Аламүдүн дарыясынын жээгиндеги бөлүгү жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилке магистралдык канализация тармактарынын курулушуна байланыштуу жабылууда. Автомобиль айдоочулар жолдун тилкелеринин бири менен айдай алышат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан каттамдарын алдын ала пландап алуусун суранат.