Лифтке кыпчылып каза болгон адамдын өлүмү боюнча соттук отурум жылдырылды

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Улан кичи районундагы лифтке кыпчылып каза болгон адамдын өлүмү боюнча соттук отурум болмок.

Соттук отурумга прокурор ооруп калганына байланыштуу келген эмес. Анын ордуна башка мамлекеттик айыптоочу табылганы менен ал иш менен таанышууга уруксат сурагандыктан соттук процесс өтпөй калды.

Кийинки отурум 6-сентябрга белгиленди.

Бул иште «Бишкекшаардыклифт» ишканасынын мастери Виктор Маленьких айыпталуучу болууда. Сотко маркумдун үй-бүлөсү, туугандары келген.

Буга чейин маалымдалгандай, 11-январда Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт өз алдынча иштеп кетип, ага коляскадагы баласы менен кирип баратканда 38 жаштагы адам кыпчылып көз жумган.Ымыркай зыян тарткан эмес.