Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө лифт иштебей турат

Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө лифт иштебегендиктен Баткендеги куралдуу кагылышта жараат алган бейтаптар менен медицина кызматкерлерине кыйынчылык жаралууда. Бул тууралуу жараат алган жарандарга жардам берип жаткан ыктыярчылар социалдык тармактарда жазууда.

Алардын айтымында, лифттин иштебегенине 5 ай болгон. Мындан улам бейтаптар келгенде медицина кызматкерлери аларды 3-кабатка чейин замбил менен көтөрүп чыгууга мажбур болууда. Андан тышкары жараат алган бейтаптар өйдө-ылдыйга жөө түшүп-чыгууга аргасыз.

Бул маселе боюнча саламаттык сактоо министрлигине кайрылганыбызда, алардын лифттин иштебегени боюнча кабары бар экенин билдиришти. Аталган маселе министрлик менен Улуттук госпиталдын жетекчилигинин көзөмөлүндө. Ошол эле учурда акча каражат жок болуп жаткандыктан тендер өткөрүүгө мүмкүн болбой эле.

«Акчасы кымбат. Болжол менен 2 млн сом кетиши мүмкүн. Ремонт болгондон кийин ага акча жетпей калган. Кошумча акча каралып жатат. Ыкчам кабыл алуу жана реанимация бөлүмдөрү биринчи кабатта орун алган. Бирок бул маселе бар экенин мойнубузга алабыз. Мүмкүнчүлүк болору менен ал оңдолот», — деп билдиришти министрликтин.