Жүздөн ашуун аскер кызматкерлери донор болуп, ыктыярдуу кан тапшырды

Бишкек шаарындагы Республикалык кан борборуна Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жүздөн ашуун офицерлери, прапорщиктер, сержанттар жана катардагы жоокерлери келип, ыктыярдуу донор болушту.

2482f7cd a1ef 4b13 8610 2d46967689ab 1080x630 1 Жүздөн ашуун аскер кызматкерлери донор болуп, ыктыярдуу кан тапшырды

Аталган ведомстводон билдиришкендей, Баткен районунун Кызыл-Кыя шаарындагы №43 жатак абагынын  кызматкерлери жергиликтүү медициналык мекемеде кан тапшырышты.

«Ошондой эле УККдагы башка кесиптештерди да Баткен облусунан куралдуу басып алууда жапа чеккен мекендештерге колдон келген жардамды көрсөтүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.