Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду

Баткен облусунда абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусу боюнча ички иштер органдарынын жана ага кошумча күч катары берилген күч каражаттарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларын, Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган турак-жайларды, имараттарды, соода-сатык түйүндөрдү толугу менен карап чыгуу жана анын чыгымдарын аныктоо боюнча түзүлгөн тергөө топторунун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөдө.

Учурда Кыргызстандын жана Тажикстандын Ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул кызматтары күнү-түнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

WhatsApp Image 2022 09 19 at 12.02.07 1 Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду
WhatsApp Image 2022 09 19 at 12.02.07 Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду
WhatsApp Image 2022 09 19 at 12.02.06 Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду