Күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра тургузабыз, – мамлекет башчы

 Күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

«Мындай учурда бардык мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, каран күнгө кабылган мекендештерибиздин оорун колдон, жеңилин жерден алып, жай турмушту калыбына келтирүүнүн камын көрүшүүдө.

Кудайга шүгүр, казынабыз да куру эмес. Жоокерлерибизди жана кырдаалга байланыштуу, жер которгон элибиздин муктаждыктарын толук камсыз кылууга мамлекетибиздин күчү жетет. Мындан эки эле жыл мурда армиябызда курал жарак, ок-дары жетишсиз, атүгүл жоокерлерибизди кийген кийими да эски болсо, бүгүн андай эмес. Армиябыз барган сайын ар тараптан күчтөнүп, катылгандын катыгын берүүгө моралдык жактан да, материалдык жактан да жетилип барат»,-деди Жапаров.