Баткен окуясында жабыркаган Ички аскерлердин алты жоокери Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланууда

ИИМ: Баткен окуясында жабыркаган Ички аскерлердин алты жоокери Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланууда

Баткен облусундагы куралдуу кагылышууда кайраттуулук жана эрдик менен агрессорго каршы туруп, куралын колго алып жалтанбастан алардын мизин кайтарып салгылашкан эр азаматтардын катарында Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин эр жүрөк жоокерлери да болду. Агрессордун огунан жабыркаган алты эр азамат, кечээ Бишкек шаарындагы ооруканаларга ар кандай оор жараттар жеткирилди.


Министрдин орун басары Суюнбек Ниязбеков жарадар болуп оорукананада дарыланып жаткан жигиттердин баарын кыдырып, ар бири менен сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап, алардын ар биринин ата-энелери менен жолукту. Ушундай эр азаматтарды тарбиялап өстүргөндүгү үчүн ички иштер министрлигинин жетекчилигинин атынан терең ыраазычылыгын билдирип, дары-дармек, дарыгерлердин жардамдары, кийим-кечек, тамак-аш жагынан толук камсыздала тургандыгын, жоокерлерди колдоо, дарылоо максатында атайын каражаттар бөлүнгөндүгүн белгиледи.


Ооруканада дарыланып жаткан Ички аскерлердин жоокерлерине бардык шарттар түзүлдү, дары-дармектер жана башка медициналык квалификациялуу жардамдар так жана өз убагында берилүүдө. Дарыгерлер алардын ден-соолугуна камкордук көрүшүп, аларды тез арада сакайтууга бардык мүмкүнчүлүктөр көрүлө тургандыгын белгилешти. Ооруканада жаткан эр азамат жоокерлерге студенттер, мектеп окуучулары дагы келишип, аларга ыраазычылыктарын билдирип, колдон келген жардамдарын берип, тамак-аштарын да көтөрүп келишип, эр жүрөк жоокерлерге урматтоо сезимдерин билгизип жатышат.

WhatsApp Image 2022 09 19 at 09.38.13 2 Баткен окуясында жабыркаган Ички аскерлердин алты жоокери Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланууда


ИИМдин Медициналык кызматы жана Ички аскерлердин медициналык кызматынын жетекчилик курамы ооруканаларда дарыланып жаткан жоокерлердин саламаттыгына көз салуу жана качан болбосун кандай жардам керек болсо, аны тез арада чечүү максатында толугу менен ооруканаларга бекитилди. Биз Ички аскерлердин эр жүрөк азаматтарына бекем ден-соолук каалайбыз жана тез арада сакайып кетишине тилектешпиз.

WhatsApp Image 2022 09 19 at 09.38.13 Баткен окуясында жабыркаган Ички аскерлердин алты жоокери Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланууда