Камчыбек Ташиев: “Мен жоокерлеримди, балдарымды жоготтум”

Бүгүн, 19-сентябрда Баткен шаарында министрлер кабинетинин
төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик
чек арасындагы куралдуу кагылыштан каза болгондордун жакындарына көңүл
айтты.


Анын айтымында, Кыргызстан буга чейин мындай каргашалуу күндөрдү башынан
өткөргөн.
«Урматтуу эл-журт, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, президент тарабынан бүгүн
мамлекетибизде аза күтүү күнү деп белгиленген. Мен ар бир кыргыз элиме көңүл
айтамын. Буга чейин мындай кайгылуу күндөр өлкөбүздө болгон. Буюрса бул
күндөр да өтөт.


Ушул жерде каза тапкан баатыр жоокелерибиздин жакындарына көңүл айтамын.
Ата-энелер жоокерлерибизди “мамлекетибизге кызмат кылсын, элибизди
коргосун” деп биздин колубузга тапшырган эле. Ал жоокерлер мага баламдай
болуп калган. Мен жоокерлеримди, балдарымды жоготтум. Бирок
мамлекетибиздин бүтүндүгүн, бүгүнкү күндөгү бардык чек арасын өз калыбында
сактап калдык. Баатыр жоокерлерге таазим этемин. Менин жоокерлерим акыркы
мүнөттөргө чейин «элим-жерим» деп курман болду.


Урматтуу каза тапкан жоокерлердин ата-энелери, мен силердин алдыңарда
жоопкермин. Силердин балдарыңарды сактап бере албадым. Бирок ата-энелер ар
дайым “Балдарым чоңойсо, эли-жерине пайдасы тийсин” деп айтып келгенсиңер.
Силердин дубаларыңар кабыл болду. Балдарыбыз, курман болгон жоокерлерибиз
мамлекетке пайдасын тийгизип, эли-жерин сактап калды. Мындан ары ушундай
кайгылуу окуялар болбошу үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшап жатабыз.
Мамлекетибизди эч кимге бербестен сактап калууга биз милдеттүүбүз жана ошол
милдетти толук аткарабыз. Дагы бир жолу каза тапкан жооркерлердин ата-энесинен кечирим сурайм.

1155202.f5229bef660df3ec5ca3d53d56759f4f Камчыбек Ташиев: "Мен жоокерлеримди, балдарымды жоготтум"
YouTube video