Чүйдө 2 күндүк рейддин учурунда 326 жол эрежесин бузгандар аныкталды

ЖКККББ. Чүй облусунун аймагында 2 күндүк рейддин учурунда 326 жол эрежесин бузгандар аныкталды

Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББ Басма сөз кызматы билдирди.


ЖКККББнын адистештирилген ротасынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү, рейддик иш-чаранын өткөрүүнүн максаты жолдогу жол-транспорт кырсыктарын алдын алууда, жол-транспорт кырсыктарынын себеби көпчүлүк учурда жол эрежелерин одоно бузуудан улам катталууда. ЖКККББнын адистештирилген ротасынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин одоно бузууган айдоочуларды аныктап, укук бузуу протоколдорун толтурушту.


Жол кыймылынын инспекторлору жол-транспорт кырсыктарына себепкер болгон эреже бузууларга терең көңүл бурушту, алсак айдоочулар тарабынан транспорт каражаттарын эксплуатациялоо ылдамдыкты ашыкча башкаруусу, айдоочулардын унааларды спирт ичимдигин ичип айдоосуна жана башка жол эрежесин бузууларды аныкташты.
Чүй облусунун аймагында 2 күндүк жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 326 жол эрежесин бузуулар аныкталды.

Алсак:

  • Айдоочулардын мурда айдоочулук күбөлүк албаганы – 11;
  • Тийиштүү документтери жок унаа башкарганы – 13;
  • Башка унаага тийиштүү мамлекеттик номерлерди салып алганы – 3;
  • Унаанын алдынку терезелерин карангылатып башкаруусу – 5;
  • Унааны спирт ичимдигин ичип айдоосу – 18;
  • Айып аянтына токтотулганы – 43.

  • Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы баардык жарандарга, ар бир айдоочу жол абалын болжолдоого, жол кыймылынын эрежелерин кынтыксыз так сактоо, коомдук тартиптин эрежелерин сактоого, жолдордогу жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга салым кошууга, максималдуу укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү экендигин эскертет.