Деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктиктеги Ак-Шыйрак айылында эми милициянын кызматкери такай иштейт

Ак-Шыйрак айылы – Жети-Өгүз районунун 13 айыл аймагынын биринин административдик борбору жана деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан.

photo 2022 01 27 08 55 43 3 Деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктиктеги Ак-Шыйрак айылында эми милициянын кызматкери такай иштейт

Аталган айыл аймагында 98 түтүн орун алып, анда 350 ашык адам жашайт.

Андан тышкары, 9 жылдык мектепте 73 окуучу окууса, анын 23 окуучусу, өздүк гигиеналык каражаттарынан бери толук камсыздоого алынып, мектепте жашап окушат. Негизинен, жергиликтүү тургундар мал чарбасы менен алектенип, Каракол шаарынан 300 чакырымга жакын, ал эми район борборунан 230 чакырым алыстыкта жашап келишет.

photo 2022 01 27 08 55 43 6 Деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктиктеги Ак-Шыйрак айылында эми милициянын кызматкери такай иштейт

Өткөн жылы, милициянын көчмө кабылдамасы менен жергиликтүү тургундарды кабыл алуу учурунда, алар райондук милициянын жетекчилигинен, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүн аталган аймакта жашап иштеши боюнча сунушун киргизген. Аталган сунуш, Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги тарабынан колдоого алынып, жакында жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда, алардын жаңы аймактык милиция кызматкерин таныштырып кетишти.

photo 2022 01 27 08 55 43 5 Деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктиктеги Ак-Шыйрак айылында эми милициянын кызматкери такай иштейт

Жолугушуу учурунда, Ысык-Көл ОИИБдин начальнигинин орун басары Акылбек Бекишев, Жети-Өгүз РИИБдин жетекчисинин орун басары Улан Закиряев, милиция тарабынан жарандардын коопсуздугун жана алардын мүлкүн сактоо боюнча көрүлүп жаткан иш аракетерди кеңири маалымдап беришти.

Ошондой эле, кылмыштуулуктун орун алышына эмне себептер болуп жаткандагына дагы токтолуп кетишти. Жаңы ачылган туристтик-экологиялык милициясынын милдеттери боюнча баяндама беришип, жеринен «Сары-Чат» коругунун егерлери менен аталган кызматтын кызматкерлери, жаратылышты жана анын байлыгын коргоо боюнча бирдиктүү уюштуруу иштерин ишке ашырышты.

photo 2022 01 27 08 55 43 7 Деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктиктеги Ак-Шыйрак айылында эми милициянын кызматкери такай иштейт
photo 2022 01 27 08 55 43 Деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктиктеги Ак-Шыйрак айылында эми милициянын кызматкери такай иштейт

Жолугушууда сөз сүйлөгөн Ак-Шыйрак айыл аймагынын жетекчиси Эрлан Асаналиев, айыл тургундарынын жашоо-турмушу жөнүндө маалымат берип, укук тартип маселеси боюнча орун алып жаткан айрым көйгөйлөргө токтолуп кетти. «Эми, биздин биримдүү жана ынтымактуу айыл аймагыбызда, милициянын аймактык кызматкери такай жашап иштейт.

Биз тараптан, анын кызматына тийиштүү шарттар түзүлүп берилди. Ойлоймун, мыйзамдын талаптарын билбестиктен, айрым орун алып жаткан майда укук бузуулар, эми биздин сырт өрөөнүбүздө жокко эсе болот», – деп, белгилеп кетти айыл аймагынын башчысы.

photo 2022 01 27 08 55 43 2 Деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктиктеги Ак-Шыйрак айылында эми милициянын кызматкери такай иштейт

Андан тышкары жолугушууда, Ак-Шыйрак айылынын эки тургуну, аталарынан калып, катталбай жүргөн ок атуучу куралдарын өз ыктыярлары менен өткөрүп беришти. Аларга, ИИМдин системасынан тийиштүү текшерүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, кайрадан өздөрүнө эле мыйзамдаштырылып бериле тургандыгын түшүндүрүлүп кетти.

Жолугушунун акырында, Ак-Шыйрак айылында төрөлүп, 80 жылдан ашуун жашап келе жаткан Турум Кудашева, айыл аймагына жаңы дайындалган милиция кызматкери Жаркымбек Бесултановго өзүнүн энелик батасын берип, ак калпакты белек кылды.