Бишкек шаарында 24 мектеп жана үч бала бакча карантинге жабылды

Бишкек шаарында 24 мектеп жана үч бала бакча карантинге жабылды.

Бул тууралуу мэриянын расмий сайтында маалымдалат.

Ленин районунда №13, №9 мектеп жабылган.

Октябрь районунда №17, 26, 88, 62, 60, 73. Свердлов районунда 10 мектеп карантинге жабылды. Мындан тышкары, бир катар жеке менчик мектептер да карантинде экени белгилүү болду.

27-январга карата Кыргызстанда коронавирус 479 адамдан жаңы аныкталды. Ооруну жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (289). Саламаттык сактоо министрлиги вирустан акыркы суткада дагы төрт бейтап каза болду.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун «омикрон» штаммы катталып, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирип, Бишкек «кызыл зонага» кирген.