Ак-Ордодогу курулуп жаткан бала бакча текшерилди

Ак-Ордо конушундагы Садыр-Аке жана Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы бала бакчанын имараты курулууда.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда биринчи жана экинчи кабаттардын арасындагы тосууларды толтуруу үчүн опалубка орнотулуп, ошондой эле чектеш аймакка пландоо иши жүрүүдө.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жаңы бала бакчанын имаратынын курулуш долбоорун карап, иштин сапатын текшерди.

Эскерте кетсек, бул имараттын курулушу өткөн жылы башталып, колдонууга киргизүү 2023-жылга пландаштырылган. Долбоордук кубаттуулугу 280 орунду түзөт.