ИИМ: Ири өлчөмдөгү баңгизатты ташыган жаран Ош-Бишкек жолунан кармалды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам-иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек
шаарына өлкөнүн түштүк аймагынан кара куурай тобундагы баңгизаттарды
ташуу жана сатып өткөрүү каналына бөгөт коюу боюнча операцияны
жүргүзүштү.

hqdefault 6 ИИМ: Ири өлчөмдөгү баңгизатты ташыган жаран Ош-Бишкек жолунан кармалды


   ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүмү менен козголгон кылмыш ишинин
алкагында атайын операцияны ийгиликтүү жүргүзүштү.

4f0da0fc 1a88 4197 8ffb 0d4e977b49fc ИИМ: Ири өлчөмдөгү баңгизатты ташыган жаран Ош-Бишкек жолунан кармалды


  Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө БМЖКККнын жана Жалал-Абад облусунун
Токтогул РИИБдин Тергөө кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын 27-январь
күнү болжол менен саат 00:30 чамасында Токтогул шаарындагы Ош-Бишкек
жолунан мурда каракчылык үчүн соттолгон 1997-жылы туулган Р.А. аттуу
жаранды кармашкан.

Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанындагы
баштыктан афган чарсына окшош кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай
өзгөчө кескин жыты бар зат табылган. Ошондой эле, кара барсетка табылып,
анын ичинде “Гашиш” жыттанган кочкул-жашыл түстөгү скотч менен оролгон
30 таңгактагы зат болгон.

a53b1b7c 2924 4aac bc3c 25e79161dd1d ИИМ: Ири өлчөмдөгү баңгизатты ташыган жаран Ош-Бишкек жолунан кармалды

Алынган заттын жалпы салмагы 2 кг. 788
граммды түздү.
     Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө
жүрүүдө.

  ИИМдин Басма сөз кызматы