Кочкордо окуучулар арасында “Мектеп рекетине каршыбыз” аттуу сүрөт көргөзмө өттү

Нарын ОИИБи: Кочкордо мектеп окуучулар арасында “Мектеп рекетине каршыбыз” аталышындагы сүрөт көргөзмө өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 01 27 at 14.08.24 1 Кочкордо окуучулар арасында "Мектеп рекетине каршыбыз" аттуу сүрөт көргөзмө өттү

Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору район аймагында жайгашкан орто мектептердин окуучулары менен жолугушуп, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана мектеп рекетин алдын алуу жана болтурбоо максатында лексиялар окулуп, аңгемелешүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле мектеп окуучуларынына “Мектеп рекетине каршыбыз” аталыштагы иш-чара уюштурулуп, анда атайын окуучулар тарткан сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлүп, ар бир тарткан сүрөттөр боюнча сүрөт ээлери түшүндүрмө берип өтүштү.

Жыйынтыгында жакшы тартылган сүрөттөр үчүн Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери инспекциясынын атынан окуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары аталган бөлүм окуучулар менен тыгыз иш алып баруу максатында ар кандай иш-чараларды уюштуруп өткөрүү жагы пландалууда.

WhatsApp Image 2022 01 27 at 14.08.24 Кочкордо окуучулар арасында "Мектеп рекетине каршыбыз" аттуу сүрөт көргөзмө өттү

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы