Бишкектин ортосунда спортсмендер ок атышты

Бишкек шаарынын борборунда ок атылды. Окуя кечээ, 22-декабрда саат 20:56да болгон.

Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн короосунда жигиттердин ортосунда чыр чыккан. Алардын бири ок атуучу куралдан ок аткан.

Жаңжал спортсмендердин ортосунда чыкканы белгилүү болду.