Ок тийген ИИМдин атайын багыттагы кызматкерине операция жасалды

Чүй облусунун Дмитриевка айылында террористти кармоо операциясы учурунда октон жараат алган ИИМдин атайын багыттагы кызматкерине операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, октон жараат алган 32 жаштагы Э.Т. аттуу ИИМ кызматкери саат 10:45те Улуттук госпиталга жеткирилген. Анын сол сан тарабына ок тийип, калып калган. Операция учурунда ок алынган. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Операция учурунда жеңил жараат алган ИИМдин дагы бир кызматкери амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, бүгүн, 17-майда Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралчан террористти кармоо операциясын өткөрүшкөн. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Натыйжада куралчан террорист жок кылынган.

Операция учурунда ИИМдин атайын багыттагы эки кызматкери жараат алган.