Суу тартыштыгы: айрым айылдарга суу үзгүлтүк менен берилет

Ушул жылдын 16-майынан тартып айдын аягына чейин «Арча-Бешик» жаңы конушуна жана Селекция, 105-район, Салкын-Тоор, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое, Калтар айылдарына таза суу чектөө менен берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Арча-Бешик» жаңы конушунда Д. Садырбаев — Семетей (Орок айылын карай жол) Арча-Бешик-Күйүков көчөлөрү менен чектешкен жерде саат 15:00дөн 07:00гө чейин таза суу берилет. Калган убакта ичүүчү суу үзгүлтүк менен берилет.

«Селекционное, 105-район, Салкын-Тоор, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое, Калтар айылдарында саат 07.00дөн 13.00гө чейин таза суу берилет. Калган убакта ичүүчү суу үзгүлтүккө учурайт»,-деп жазылат маалыматта.

Борбор калаанын мэриясы калкты жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.