ВИДЕО. Дмитриевка айылындагы ок атышуу

Ички иштер министрлиги Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорчулукка шек саналган куралчан адам жок кылынганын билдирди.

Операция учурунда Дмитриевка айыл өкмөтүнүн имараты курчоого алынган. Аталган айылдын башчысы Ранат Абакировдун айтымында, атышуу эртең менен саат 6:00 чамасында башталган жана имараттын ичинде жарандар болгон эмес.

Террорчулукка шектелген жаран бул айылдан ижарага үй алып, бир нече күн мурда көчүп кирген.

октон жараат алган 32 жаштагы Э.Т. аттуу ИИМ кызматкери саат 10:45те Улуттук госпиталга жеткирилген. Анын сол сан тарабына ок тийип, калып калган. Операция учурунда ок алынган. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Операция учурунда жеңил жараат алган ИИМдин дагы бир кызматкери амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

YouTube video