Куралдуу атышуунун видеолору тарады

Буга чейин ИИМ маалымдагандай, Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралчан террористти кармоо операциясын өткөрүшкөн. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Натыйжада куралчан террорист жок кылынган.

Милиция Дмитриевка айылында Оштогу каракчылык иши боюнча шектүүлөрдүн бирин кармоо боюнча операция жүргүзүп жаткан. Операция учурунда кылмыштуу топтун мүчөсү ок атып, укук коргоо органдарына куралдуу каршылык көрсөткөн.

Быйыл 27-январда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар «Мерседес-Бенц-Вито» унаасы менен келип, үй ээсин карактоого аракет кылышкан. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн «Тайота Ленд Крузер 200» унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Натыйжада эки адам октон жараат алып, ооруканага түшкөн.

Ошондой эле, 25-апрелде Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталган. Маалыматка караганда, окуя саат 08:10дор чамасында болгон. Тапанча көтөрүп, беткап тагынган эки адам Курманжан Датка көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайга кирип келип, ал жакта иштеген 59 жаштагы Х.Б. аттуу жаранды сабап, 3,6 млн сом акчаны алып кеткен. Андан кийин аларды күтүп турган Daewoo Nubira унаасына отуруп, качып кетишкен.

Сабалган жаран ооруканага кайрылган.