21 млн сомдук кенемте боюнча президент тапшырма берди

 Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди», — деди Султанбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин, былтыр жол кырсыгында каза болгон Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 млн 699 миң сом кенемте төлөнөрү белгилүү болгон. Мындай норма «Прокуратура жөнүндө» мыйзамда каралганы айтылган. Мыйзамга ылайык, прокурор кызмат учурунда каза болгондо, анын үй-бүлөсүнө 20 жылдык айлык акысы өлчөмүндө бир жолу кенемте төлөнөт. Бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жараткан.