Парламент тарабынан Акыйкатчылыкка көрсөтүлгөн талапкерлер тандалууда

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Акыйкатчы кызматына сунушталган талапкерлер каралууда.

ЖК фракциялары бул кызматка үч адамдын талапкерлигин көрсөтүп тийиштүү комитет жалпы депутаттардын кароосуна чыгарды.

16-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы сунуш кылган талапкер Жамиля Жаманбаеванын жана “Ыйман Нуру” фракциясы көрсөткөн Күлира Кубатованын талапкерлигин карашкан.

Ал эми бүгүн «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Акыйкатчылыкка Бакыт Рысбековдун талапкерлигин сунуштап, комитетте талкууланган.

Эске салсак, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. 

YouTube video