Дмитриевкадагы ок атышууда медресе курчоого алынды делген маалымат жалган

Дмитриевкадагы ок атышууда медресе курчоого алынды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, айрым басылмалар кылмышкерлер медресени курчап алды делген маалымат тараткан.

“Маалымат чындыкка дал келбейт. Окуя Дмитриевка айылындагы “Зулкарнайн” кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда катталган. Ал эми медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлүп, бул жаатта тиешелүү органдар иш алып барууда”, – деп белгилешти муфтияттан.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн такталган маалыматтарды гана таратууга чакырат.

Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу болуп, бир террорист жок кылынгандыгын маалымдаган.