Балыктардын массалык өлүмү: үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлдү

Чүй дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу жеринде үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлдү. Бул туралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өлүк балыктар Төмөнкү Чүйдөн түшкөн каналдан табылган. Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышкан.

«Балыктын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык материалдар Республикалык ветеринардык лабораторияга тапшырылды. Жыйынтыгы 3 күндөн кийин белгилүү болот», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик балыктар эмне себептен өлгөнү аныкталганга чейин аймактын тургундарын балык жегенден баш тартууну суранат.