Чүй дарыясынан алынган анализдин жыйынтыгында суунун курамында химиялык заттар аныкталган жок

Балык массалык кырылып калгандан кийин Чүй дарыясынан алынган анализдер суунун курамында химиялык заттар аныкталган жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Сокулук райондук ветеринария башкармалыгынын жергиликтүү кызматкерлери балыктын патологиялык материалдарын, суунун үлгүлөрүн алып, лабораторияга өткөрүп беришкен.

«Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, бүгүнкү күндө текшерилген балыктардан мышьяк, нитрат, нитрит сыяктуу уулу заттар, паразитологиялык ооруулар аныкталган жок», — деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын 16-майында Чүй дарыясында балыктар жапырт кырылганы тууралуу маалымат тараган. Эртеси күнү Айыл чарба министрлиги окуя боюнча текшерүү ишин баштаган.

Айыл чарба министрлигинен балыктардын эмнеден өлүп жатканы так аныкталгыча тургундарды балык уулабай, этин пайдаланбай турууга чакырышкан. Ал эми жергиликтүү тургундар балыктардын кырылышын сугат учурунда уулу заттар колдонулушу себеп болууда деп божомолдошкон.