Журналист Кадыр Кошалиев УТРКдан кызматтан кетти

Бозгун Президент Курманбек Бакиевден маек алгандан кийин кызуу талкууга алынган Курултайдын төрагасы жана УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиев кызматтан кетти. Бул тууралуу Улуттук телеканалдан билдиришти.

Канал билдиргендей, Кошалиев өз каалоосу менен кетти.

“УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзүү менен корутунду чыгара электе, Улуттук телерадио корпорациясынын кабарчысы Кадыр Кошалиев корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти”,- деп айтылат маалыматта.

15-майда Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан Бакиев 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берип, актанган.

УТРК маек Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганын, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегенин билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.