Апрель окуясынын катышуучулары акцияга чыгышты

Фото: Короче kg

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликтин жанында ондогон адам нааразылык акциясына чыгышты.

Ал жерге 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары жана бул окуяда каза болгондордун жакындары чогулган. Алар курман болгон жакындарына куран окуп, андан соң коомчулукка жана бийликке кайрылуу жолдошту.

Акцияга чыккандар мурдагы президенттерди өлкөгө алып келүү аракеттерине каршы экенин билдиришкен.

“Тилекке каршы, элибиздин башынан өткөн кандуу окуялардан сабак алып, туура жыйынтык чыкпаганына күбө болуп жатабыз. Бүгүн көз көрүнө калың элдин тынчтануусун жараткан аракеттер аткаминерлер тарабынан болуп жатат. Бул Акаевди актап өлкөгө чакыруу жана жексур Бакиевди көз көрүнөө актоо аракети”, – деп жазылган катта.