Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

Эсертөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы билдирди.

“Шектүү Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок айыл аймагынын мурдагы башчысы А.М.дан ушул ЖӨБ органынын финансылык-чарбалык ишин текшерүү маселесинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган”,- дейп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, “Опузалап пара алуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Мекеменин басма сөз катчысы, учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканыдыгын белгиледи. Ал эми кармалган адам Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.